Биз жөнүндө

Компаниянын тарыхы

“Корки Кредит” компаниясынын тарыхы 2017-жылы башталган. Компания өз ишин баштагандан тартып 2020-жылга чейин компаниянын ички түзүмүнүн туруктуу өзгөрүшү менен кыйынчылыктарга дуушар болгон. Акырында 2021-жылдан баштап компания ийгиликтүү жана динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн, акыркы 2 жылда компания микрокредиттик компаниялардын арасында эң төмөндөн жогору көтөрүлүү менен кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйткөн.

2023-жылы Уставдык капиталдын өлчөмүнүн көбөйүшү менен КР Юстиция министрлигинде кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алган.

“Корки Кредит” МКК ЖЧК негизги милдети болуп минималдуу документтер пакети менен керектөө кредиттерин, анын ичинде чакан жана орто бизнести кеңейтүүгө кредиттерди тез берүү саналган, жаш динамикалуу өнүгүп жаткан компания.

Сервисти жана сунушталган кызматтардын сапатын жакшыртуунун үстүнөн, ошондой эле биздин кардарларыбыз үчүн кызыктуу жаңы продукттарды киргизүүнүн үстүнөн туруктуу иштөө менен, юридикалык жана жеке жактар үчүн пайдалуу шарттарда жеке жана коммерциялык максаттар үчүн жаңы автомобилдерди сатып алууга каржылоо берген лизинг сыяктуу дагы бир багыт пайда болгон.

Уюмдаштыруучулар

  • “Корки Кредит” МКК ЖЧК компаниясынын уюмдаштыруучулары болуп финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн “ЭПОКХЕ” АК (Корея Республикасы) саналат.

Миссиясы

  • “Корки Кредит” МКК ЖЧК – инновациялык жана сапаттуу финансылык өнүмдөрдү жана жогорку деңгээлдеги ыкчам кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана биздин кардарларыбыз үчүн ишенимдүү финансылык жардамчы болуу.

Киришүү

Биздин кардарларыбыздын туруктуу тиричилик аракетин жакшыртуу жана үлгүлүү микрокретиттик компания болуу.

Компаниянын баалуулуктары:

  • Кардарга багытталгандык;
  • Чынчылдык эана этикалуулук;
  • Натыйжалуулук;
  • Кардарлар, кызматкерлер менен мамилелердеги ишеним;
  • Командалык иш жана компанияга карата лоялдуулук.

Жуманын күнүИштөө убактысыТыныгуу
Дүйшөмбү09:00 - 18:0012:00 - 13:00
Шейшемби09:00 - 18:0012:00 - 13:00
Шаршемби09:00 - 18:0012:00 - 13:00
Бейшемби09:00 - 18:0012:00 - 13:00
Жума09:00 - 18:0012:00 - 13:00
ИшембиДем алыш
ЖекшембиДем алыш