ЖАНЫЛЫКТАР

Финансылык сабаттуулук боюнча онлайн курс

«Финансылык билим берүү – финансылык коопсуздуктун негизи»
Улуттук банк Эл аралык эмгек уюму, Туриндеги (Италия) Эл аралык окуу борбору менен биргеликте, Тренерлер жана консультанттар альянсы (ТКА) менен кызматташтыкта кыргыз тилинде финансылык сабаттуулук боюнча биринчи онлайн-курсту ишке киргизди.

Онлайн-курс финансылык сабаттуулук боюнча жаңы билим алууга кызыкдар болгон колдонуучулардын кеңири тобуна арналган жана жайгашкан жеринен жана убактысынан көз карандысыз бардык адамдарга окуу материалдарыга чектелбеген акысыз жетүү мүмкүндүгүн алууга көмөктөшөт. Үй-бүлөлүк финансыны пландаштыруу жана башкаруу процессине бардык үй-бүлө мүчөлөрүн тартууга басым жасалат. Толук курсту аяктаган катышуучулар электрондук сертификат алышат.

Бул шилтеме боюнча онлайн-курска жетүү мүмкүндүгүн алууга болот.

Финансылык сабаттуулук боюнча онлайн-окуу курсу «Коомдоштуктарпды инклюзивдик жана тынч өнүктүрүү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана БУУ Тынчтык куруу Фондунун финансылык колдоосунда Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ), Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) жана БУУ-Аялдар тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Курс өз алдынча окуу үчүн 4 модулдан жана 15 окуу сессиясынан турат, биздин өлкөбүздүн аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана ыңгайлаштырылган, актуалдуу маселелерди камтыйт, калктын финансылык сабаттуулугунун боштуктарын толуктайт.